Депутат Орусияда түрмөдө отурган кыргызстандык жаран кантип орус-украин согушунда каза тапканын иликтөөгө чакырды   

  • 1 год мурун

Бүгүн, 1-февралда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Ата журт-Кыргызстан” фракциясынан депутат Мейкинбек Абдалиев Украинадагы согушта курман болгон кыргызстандык жаран боюнча маселе көтөрдү.

-Биздин жараныбыз Алишеров Аян Россияда түрмөдө камалып олтурганына үч жыл болуптур. Бирок кечээ жакында анын сөөгүн Луганскиден алып келишти. Луганскиден орден, башка нерсе беришиптир. Россияда түрмөдө олтурган биздин жаран кантип Украина менен Россиянын ортосунда болуп жаткан согушта пайда болуп, ошол жерден сөөгү келди? Биздин тиешелүү органдар, элчилик, консулдук ушуну иликтеп бериңиздер. Биздин жараныбыз өз каалоосу менен кеткенби же аны мажбурлап алып кетишкенби? Мыйзам боюнча андай болбош керек. Алишеров Аян Ноокен районунун Ноокен айыл өкмөтүндөгү Рахманжан айылынан болот, — деди депутат.

Жакында Кыргызстандын Орусияда абакта отурган жараны Аян Алишеров Украинадагы согушта каза тапканы белгилүү болгон.

              

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты