«Азаттык»: Орусияда абакта отурган кыргызстандык Украинада согушта каза болду

  • 1 год мурун

«Азаттык» радиосу Кыргызстандын Орусияда абакта отурган жараны Аян Алишеров Украинадагы согушта каза болгонун маркумдун апасы Рахатай Абдивалиевага шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, 30 жаштагы Аян Алишеров Ноокен районундагы Рахманжан айылынын тургуну болгон.

Маркумдун апасы Рахатай Абдивалиева Орусияда абакта отурган баласы кантип Украинадагы согушка барып калганы түшүнүксүз болуп жатканын билдирген.

«Балам жок жерден жалган жалаа менен камалып кеткен. Мен сотуна да барып, катышып турчу элем. Акыркы сотунда өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, мага ыйлаган эле. Жети жылга кесилип, Мордовияда түрмөдө мөөнөтүн өтөп жаткан. Телефондон сүйлөшүп турчубуз. 2-октябрда мага телефон чалып, «апа мен Кыргызстанга кете турган болдум, буюрса алты айда бошонуп чыгам. Анан үйлөнөм, той кылабыз» деген эле. Ошондо ал мени кыжалат болбосун деп, согушка баратканын айтпай койгон окшойт», — деген Рахатай Абдивалиева.

Украинанын Бахмут шаарына жакын жердеги салгылашта 24-ноябрда каза тапкан 30 жаштагы Аян Алишеровдун сөөгү 23-январда Кочкор-Атага жеткирилип, жерге берилди.

Маркум 2019-жылы Москвада «адам уурдоо» жана «опузалап акча талап кылуу» беренелеринин негизинде шек саналып, камакка алынган. Апасы Аян Алишеровду мекенине экстрадициялоону өтүнүп, Кыргызстандын Москвадагы элчилигине бир нече жолу кайрылганын айтты.

Жогорку Соттун сайтында Аян Алишеровду Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча иш соттук кароого коюлганы тууралуу жазылган. Бирок иш каралганы, кандай чечим чыкканы тууралуу маалымат жок.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты