Депутат Мирлан Самыйкожо депутаттарга окуу китептерине акча чогултууну сунуштады
- 3 ай мурун
Бүгүн, 7-сентябрда, депутат Мирлан Самыйкожо окуу китептерине каражаттын жетишсиздигинен улам, депутаттарга айлыктан акча чогултууну сунуштады.
-Бүгүнкү күндө билим берүү тармагы окуу китептерине өтө муктаж болуп жатат. Бул келечегибиз үчүн өтө чоң нерсе. Биз, Жогорку Кеңеш баштап бербейлиби, мен сунуш кылат элем, окуу китептерине 5 млрд сом акча керек экен, биз айлыгыбыздан бөлүп берели. Мекеме-ишканалар, мыктылар, азаматтар, бизнесмендер улантсын дагы, мектепти окуу куралдары менен камсыз кылбайлыбы? — -деди депутат Самыйкожо.
Депутат Камила Талиева да мектептерди окуу китептери менен камсыздоодогу кемчиликтер тууралуу маселе көтөрдү.
-Ата-энелер китеп издеп жүрөт. Бул эмне деген алешемдик? -деди депутат.
Сүрөт: kenesh.kg
Муну бөлүшүү