Депутат Масалиев белгилүү хирург Акрамовго жашоого шарт түзүү берүү маселесин көтөрдү  

  • 2 года мурун

Бүгүн, 16-мартта, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Исхак Масалиев белгилүү хирург, профессор, Кыргыз эл Баатыры Эрнест Хашимович Акрамовго жашоо-шарт түзүп берүү сунушу менен кайрылды.

-Эки күндөн бери коомчулукта дүрбөлөң болуп жатат, биздин белгилүү хирургубуз Эрнест Акрамов жумушсуз калып, жашоого жери жок экен. Карап көрсөңүз, урматтуу төрага, мүмкүнчүлүк болсо, ал Жогорку Кеңештин депутаты болгон, Кыргыз эл Баатыры. Жашоого шарт түзүп берсек, адамгерчилик болмок, -деди Исхак Масалиев.   

Жакында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эрнест Акрамов жетектеген калыбына келтирүү хирургия илимий борбору жапканын билдирген.       

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты