Чүй облустук ооруканасында көрүнүктүү хирург Эрнст Акрамовдун музейи ачылды
- 4 недели мурун
- Фоторепортаж
14-ноябрда Эрнст Акрамов атындагы Чүй облустук ооруканасында Кыргыз Республикасынын Баатыры, медицина илимдеринин доктору, профессор, көрүнүктүү хирург, мамлекеттик жана коомдук ишмер Эрнст Хашимович Акрамовдун өмүр жолуна жана кесиптик мурасына арналган музейдин салтанаттуу ачылышы болду.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Иш-чара улуу дарыгердин адам өмүрүнө жана улуттук медицинанын өнүгүшүнө арналган эмгегине урмат катары анын дүйнөдөн кайткандыгынын бир жылдыгына арналды. 26-ноябрда анын көз жумганына бир жыл толот.
Эрнст Хашимович Акрамов 1936-жылдын 24-июнунда Фрунзе шаарында жарык дүйнөгө келген. 1960-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун артыкчылык диплому менен бүтүрүп, хирургиядагы эмгек жолун баштаган. Өзүнүн кесипкөй чеберчилиги жана адамдык сапаттары менен өлкөдөгү эң урматталган хирургдардын бирине айланган.
1992-жылы Чүй облустук ооруканасынын жалпы хирургия бөлүмүн жетектеп, аны республикадагы алдыңкы медициналык борборлордун бирине айландырды. 2002-жылдан тартып реконструктивдик жана калыбына келтирүүчү хирургия боюнча илимий борборду жетектеп, жаңы ыкмаларды киргизип, жаш адистерди окутууну колдоп келди. Анын жетекчилиги алдында 17 илимдин доктору жана кандидаты даярдалып, 350дөн ашык илимий эмгек жарык көрүп, 23 патент алынган.
Анын медицина тармагындагы зор эмгеги мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктар менен бааланган — «Данакер» ордени, «Алтын Шумкар» медалы, Н. Пирогов ордени, Мустафа Кемал атындагы алтын медаль, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Баатыры ардак наамы менен сыйланган.
Оорукананын директору Докторбек Жекшебаевдин жетекчилиги алдында, Эрнст Хашимовичтин үй-бүлөсүнүн, кесиптештеринин, жакын досторунун жана Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаттарынын колдоосу менен анын сүрөттөрү, жеке буюмдары, илимий эмгектери, сыйлыктары жана эстелик белектери чогултулду.





Сүрөттөр: med.kg




