Депутат Малиев Акылбек Жапаровдун отставкага кетишин талап кылды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 25-майда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Арсланбек Малиев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун отставкага кетишин талап кылды.   

— Парламентте, беш айдан бери ай сайын «Кумтөрдөн» Жети-Өгүз менен Тоң райондоруна бир нерсе бөлүп бергиле деп суранып келем. Бирок, тилекке каршы өкмөтүбүз атаандашып, магабы же элгеби, жардам Нарын облусуна берилсин деп токтом чыгарып жатат. Нарын облусунун «Кумтөргө» эмне тиешеси бар?   

Ошондуктан, урматтуу төрага, мен сизден суранам, ушул маселе күн тартибине киргизилсин, өкмөттүн башчысы Жапаров отставкага кетсин, туура эмес токтом кабыл алган үчүн. Уяты болсо өзү кетсин, болбосо Президентке кайрылам.  Өкмөт отставкага кетсин, -деди Арсланбек Малиев.

“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын өткөн айда тапкан дүң кирешесинин 0,6%ы “Нарын облусун өнүктүрүү фондунун” атайын эсебине которулат. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Сүрөттө: Арсланбек Малиев. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты