“Кумтөрдүн” өткөн айдагы кирешесинин 0,6% Нарын облусун өнүктүрүүгө жумшалат

  • 2 года мурун

“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын өткөн айда тапкан дүң кирешесинин 0,6%ы “Нарын облусун өнүктүрүү фондунун” атайын эсебине которулат. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта мындай чечим Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жакшыртуу максатында кабыл алынганы айтылат.

Президент Садыр Жапаров Нарын облусунун жашоочулары менен жолугушкан учурда аталган аймакты өнүктүрүү фонду түзүлүп, ага жыл сайын «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын бир жылдык дүң кирешесинин 0,6%ы бөлүнүп турарын билдирген.

Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында “Нарын облусун өнүктүрүү фонду” мекемесинин атайын эсеби ачылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты