Депутат Мадумаровдун тарапташы социалдык тармакта кастыкты козутту деген шек менен кармалды

  • 11 месяцев мурун

Депутат Мадумаровдун тарапташы Фейсбук социалдык тармагында “Куба Буба” деген аккаунттун ээси А. Кубанычбек Чүй облусунун Москва районунан кармалган. Ал социалдык тармакта этникалык, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутууга шектелүүдө.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Кармалган жаран кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси, этникалык, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу беренеси боюнча шектелип жатат. Ал Баткен облусунда туулуп-өскөн, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун жактоочусу экени айтылууда.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты