Депутат Мадумаров айрым кесиптештери катуу буйрук алганын айтты

  • 11 месяцев мурун

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров парламенттин аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген чечими тууралуу комментарий берди. Ал баш прокурордун сунушун карап чыгуу үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөлөрүн “катуу буйрук алган” деп айтты.

“Жыйында бийликчил фракциялар Кыргызстандын элинин канын соттор ичип жатат деп айтышты. «Эми Мадумаровдун тагдырын ушундай сотторго кантип тапшырып жатасыңар?” деп Масалиев суроо узатпадыбы. Ошондой. Массалык башаламандыкты уюштуруу, бийликти күч менен басып алуу дегендин баарын изилдеп чыгып, баарын четке какты. Бул айыптарга да илештирсе болмок, бирок эч кандай илинчек жок. Бүгүн жыйында комиссиянын төрайымы баш прокурорго караганда беш эсе күчтүүрөөк кызмат аткарып, мүчө болгон айрым депутат кесиптештерибиз ушундай катуу буйрук алган, катуу жан үрөштү. Аларга таарынбайм, бийик болуу керек” деди Адахан Мадумаров .

Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол коюшуна байланыштуу Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди. Ал эми Кемпир-Абад иши боюнча аны жоопкерчиликке тартуу сунушу колдоо тапкан жок. Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин бул сунушуна жыйынга катышкан 17 депутат каршы болсо, 61 депутат макул болгон.

31-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча Башкы прокурордун сунушун кароо үчүн  депутаттык комиссия түзүү маселеси каралып, атайын депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамына депутаттар Карим Ханджеза, Кундузбек Сулайманов, Миргүл Темирбаева, Гуля Кожокулова, Мурадил Сыдыков, Фарходбек Алимжанов, Мирлан Самыйкожо, Динара Ашимова кирди.

Парламент Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди. Чечимди 61 депутат колдоду, 17 депутат каршы болду.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты