Депутат Кыргызстанда Дисней сыяктуу парк ачууну сунуштады

  • 11 месяцев мурун

Бүгүн, 18-майда. Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Ынтымак” фракциясынан депутат Эрулан Көкүлов туристтик сезондун башталышына карата көйгөйлөр тууралуу сөз кылды:

-Бизде бир тенденция, сүйлөйбүз, бирок аракетти аз кылабыз же кылбай да коебуз. Кээ бир өлкөлөр туризмге байланыштуу инструменттерди ойлоп табышат, биз болсо бар бренддерди да, тилекке каршы, колдоно албай жатабыз. Мисалы кореялыктар Корея Республикасын дүйнө жүзүнө таанытып, k-pop маданиятын өнүктүрүп, кореялык сериалдарды таанытып, кореялык товарларды сатып жатат. Бизде болсо D Billions деген өзүбүздүн брендибиз бар, жаш ырчы, музыкант балдар,  дүйнө жакшы билет. Диснейден ашып кетпесе дагы, ошолорго тең келди. Эмне себептен ошол   D Billions ду колдонуп,  Дисней сыяктуу дүйнө жүзүнө таанылган парк ача албайбыз?   Ошол да, туристтерди чакырган, туурабы? -деди депутат.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты