Депутат Кожокулова Кыргызстандын паспорту Орусияда сатылып жатканы боюнча маселе көтөрдү

  • 11 месяцев мурун

Бүгүн, 18-майда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Гуля Кожокулова Орусияда avito.ru аттуу жарнамалык сайтта Кыргызстандын паспорту сатылып жатканы боюнча маселе көтөрдү.

“Бул — нонсенс. Демек, Кыргызстандын жарандыгы сатылып калыптыр да! Биздин атайын кызмат кайда? Санариптик өнүктүрүү министрлиги эмне менен алектенип жатат?» деди депутат.  

Орусиянын avito.ru жарнама сайтында Кыргызстандын жарандыгын 120 миң рублден 270 миң рублге чейин алып берүү боюнча бир нече жарнама жайгашкан. Кыргызстандын жарандыгын алууда Орусиянын жарандыгынан чыгуу талап кылынбай турганы, чет жактан банк эсебин ачууга, АКШга жана Европа өлкөлөрүнө виза алууга болору жазылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты