Депутат катышкан мушташ: Президентке маалымат берилди  

  • 1 год мурун

Президент Жапаровго мушташуу жана Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров тарабынан жарандын сабалуу фактысы тууралуу маалымат берилди.

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.  

“Ички иштер министрлигине болгон окуяны ар тараптуу иликтөө тапшырылды. Бул жүрүм-турум мындай рангдагы мамлекеттик кызматкердин этикасынын стандарттарына туура келбейт” деди.

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров 12-мартта Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде жапырт мушташкандар арасында болгон.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты