Депутат Камила Талиева: Баткенде эл Президенттин келишин күтүп жатат

  • 2 года мурун

Бүгүн, 5-октябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Камила Талиева чек  ара маселеси, Тажикстандын кол салуусунан кийинки Баткендеги азыркы абал, ал жактагы калк Президенттин келишин күтүп жатканы тууралуу маселе көтөрдү.     

-Лейлек районундагы Жаңы -Жер айыл өкмөтүнүн жаштары Президентке кайрылуу жасады. Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө жашаган элдин 70% көчүп кетип калды. Мектептерде ар бир класста 5-6дан гана окуучу калды. Мисалы Арка айылында жалаң эле эркектер калды. Эл чилдей тарады. Айылдагы элдин санын тактасын. Аларга үй салып берүүгө 3 милллиард сом бөлүп бердик эле, үй салып бергени менен эл кооптонуп, жашаганга барбаса эмне болот? Жаштар дагы Президенттин келишин суранып жатат. Сиз менен түзмө-түз сүйлөшөлү деген сөздөрүн мен өкүлү катары айтып коеюн» деди Талиева.

Депутат Надира Нарматова ар кайсы жерде квартиралап жүргөн баткендик жарандарга да каражат жагынан жардам берүү керектигин, фондго түшкөн акчаны сарамжалдуу пайдалануу керекигин айтып кетти.  Дагы бир нече депутат чек ара маселесин көтөрдү.  

Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан 640 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү такыр жашоого жараксыз болуп калган, 217 үй оңдолуп-түзөлүшү керек.

Андан сырткары, 11 административдик, стратегиялык объектилер, 323 мал сарай, сегиз мектеп, эки бала бакча, үч фельдшердик-акушердик пункт зыян тарткан. 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер талкаланып, өрттөлгөн. Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метрлик унаа өтүүчү көпүрө жардырылып, 27 автоунаа өрттөлгөн же талкаланган. Кыргыз бийлиги жаңы үйлөрдү эки-үч айда курууну убада кылууда.

Министрлер кабинети  Баткенге жалпысынан 3 миллиард сом бөлүнгөнүн маалымдаган.  


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты