Депутат Исхак Масалиев бир мандаттуу округдан талапкер болууга арыз берди

  • 2 года мурун

“Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев кайрадан шайлоого бир мандаттуу Биринчи май шайлоо округунан талапкер болууга БШКга арыз берди.

Партиялык тизме боюнча өткөн депутатка бир мандаттуу округ боюнча кайра шайлоого катышууга чектөө жок экени белгиленүүдө.

Депутат Исхак Масалиев эгерде бир мандаттуу шайлоодон депутаттыкка өтүп калса,  “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тизмесинен чыгарын айтты.  Анда партиялык тизме менен кийинки талапкер депутат болот. Ал эми бир мандаттуу округдан кайра шайлоодо тиешелүү добуш топтой албай калса, анда мурдагы мандаты сакталарын белгиледи.

Талапкер болуу боюнча БШКга арыз берүү мөөнүтү бүгүн, 27-январда, саат 18:00дө аяктайт.  

26-январга карата 18 талапкер каттоодон өттү.  Ал эми эки округдан бардыгы болуп 60 талапкер арыз берген.

2021-жылы 28-ноябрда Кыргызстанда аралаш система боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Ага бирдиктүү шайлоо округунан 21 партия жана бир мандаттуу округдардан 282 талапкер катышты.

Исхак Масалиев 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн шайлоодо «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан депутат болуп шайланган.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы 90 депутаттан турат. 54 депутат партиялык тизме боюнча шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланат.

№27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралына бекитилди. Жогоруда аталган шайлоо округдарында баарына каршы добуш бергендердин саны басымдуулук кылгандыктан, шайлоо өткөн жок деп таанылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты