Депутат Дастан Бекешев Эвересттин базалык лагерине чейин чыкты (Видео)

  • 1 год мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Гималайдагы Эверест чокусунун базалык лагерине чейин чыкты. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасында видео тасма жарыялады.   

«Мен максатыма жеттим. Мөңгүнүн жанында турам. Мөңгүнү өмүрүмдө биринчи жолу кармадым. Мен бул жакка эмнеге чыктым? Биринчиден, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды алар дагы өз максатына жете аларына шыктандыруу үчүн. Эверестке эле эмес, кандай максат болсо да жетүү керек. Экинчиден, башка адамдар да максат коюп, ага жетиши үчүн” деди депутат.   
Депутат Дастан Бекешев Эвересттин базалык лагерине чейин чыкты (Видео)
Баш сүрөт: Эвересттин базалык лагеринде. Экинчи сүрөт: Эверестке карай жол. Дастан Бекешевдин Фейсбук баракчасынан алынды.
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты