Депутат Бекешев: Мыйзам долбоорунда шаар кеңешинин депутаттары «жылаңач баатыр» болуп калат

  • 2 месяца мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев  “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары”, “Бишкек шаарынын статусу”, “Ош шаарынын статусу”  тууралуу мыйзам долбоорлору кабыл алынып калса, шаар кеңешинин депутаттары эч нерсе чечпей калаарын Телеграм-каналында жазды.

-Шаардык кеңештен тарифти бекитүү, муниципалдык кызматка дайындоого макулдук берүү, ишеним көрсөтпөө ж.б. функцияларын алып жатат, шаардык кеңештин депутаттарын “жылаңач баатыр” болуп калууда. Жарандар транспорт, таштанды боюнча арызданганда депутаттар эч нерсе чечпей  калат, — деди депутат Бекешев.     

Бүгүн, 21-февралда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары боюнча мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү маселесин карады. Мыйзам долбоорлору кайра карап чыгууга кайтарылды.     

Сүрөттө: Дастан Бекешев. «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты