Депутат Акаев: “Мыдыр эткен байлыгыбыздын акчасын жыйнап, Ширшов качып кеткенде, жер тепкилеп отуруп калбашыбыз керек”

  • 1 год мурун

Бүгүн, 19-апрелде, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жанарбек Акаев Эсеп палатасынын төрагасы Акматов Алмазга кайрылып, Эсеп палатасы “Кумтөрдон” кийин Санаариптик өнүктүрүү министрлигине текшерүү жүргүзүү керектигин билдирди:        

-Элде күмөн жаратып жаткан маселе боюнча кайрылайын деп чечтим. Эсеп палатасы “Кумтөр” боюнча жакшы иш алып бардыңар, чынында. 4,5 млрд каржылык мыйзам бузууларды аныктап чыгып, анын натыйжасында укук коргоо органдары бир топ иш алып барды.

“Кумтөрдөн кийин сиздер Санариптик өнүктүрүү министрлигине Ширшов деген атактуу киши көмүскө башкарып жаткан ишканаларга өтүшүңүздөр керек деп ойлойм. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдында Евразия сактык банкы бар. Жакында эле баасы 14 млрд 500 млн ашуун деп бааланып жаткан “Альфа Телеком” — “Мегаком” былтыркы жылдын аягында Евразия сактык банкынын 9,42 процент акциясын сатып алып жатат.  “Альфателеком” дагы Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдында, Евразия сактык банкы да Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдында. Ошол жерде отуруп дагы алар каржылык схеманы ойлоп таап жатышат. Азыр фонддук биржанын сайтын карасаңыз, маалыматтарды табасыз.

Ошондой эле мен бир жума мурун айткан Мамлекеттик өнүктүрүү банкындагы, жакында эле жарандык алган Евгения Судец боюнча. Анын жолдошу Андросик деген дагы Алексей Ширшов менен абдан жакын мамиледе, Максим Бакиевдин убагында чогуу бир топ иштерди жасап жүрүшкөн. Эми ошол Андросик Евразия сактык банкынын 2,9 % акциясын сатып алып жатат.

Эмне болуп жатат? Эсеп палатасы “Кумтөрдөн” кийин ушул маселеге карабасаңар болбойт. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдына “Альфателекомду” алган, “Дастан” заводун, Евразия сактык банкын алып, энергетиканы, бүт бардык акча каражаттарын, мыдыр эткен биздин байлыгыбыздын акчасын жыйнап туруп, эртең Алексей Ширшов качып кеткенде, бардыгыбыз жер тепкилеп отуруп калбашыбыз керек. Мен муну эскертүү катары айтайын. Булар эмне кылып жатат? Эмне максатта? Аларга банктын акчасынын эмне кереги бар? Муну сөзсүз карап чыгат деген ойдомун, -деди Жанар Акаев.   

Буга чейин «ПолитКлиника» медиасы «Мегакомду” Максим Бакиевдин жакындары башкарууну көздөп жатат” деген иликтөө чыгарган.

Мындан улам Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанарбек Акаев «ПолитКлиниканын» иликтөөсү боюнча маселе көтөрүп, Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын жетекчиси Евгения Судец өзүнө 1 миллион сом айлык коюп алганын айткан.

“ПолитКлиника” медиасы “Мегакомду” Максим Бакиевдин жакындары башкарууну көздөп жатат” деген ынанымдуу, негиздүү журналисттик иликтөө чыгарышты. Бул иликтөөнү окуп, толук ынандым. Анткени буга чейин Министрлер кабинети Мамлекеттик өнүктүрүү банкын түзгөн. Ал жерде Евгения Судец деген Кыргызстандын жарандыгын алып, ошол банкты башкарып жатат. Менчиктештирүү саясатынын алкагында Судец, Алексей Ширшов бүт баары биригип алышты. Ушундай бир коррупциялык схема иштеп жатат. Сиз ушул маселенин алдын алууга күчүңүз жетет. Маалыматтын бүт баары журналисттик иликтөөдө так жазылган. “Мегакомду” дал Максим Бакиевдин адамдары Ширшов башкарууда. Азыркы “Мегакомдун” жетекчиси дагы мурда Ширшовдун колунда иштеген. Евгения Судец деген айым өзүнө 1 миллион сом айлык коюп алыптыр. Бир прокурордун 3 жыл иштеп тапканын ал бир айда табат экен. Бул адилетсиздик. Алексей Ширшовдун кадамдарын, схемаларын алдын албасаңыз, бул мындан ары өнүгүп кетиши мүмкүн, —деген Жанар Акаев.

«ПолитКлиниканын» иликтөөсүнөн кийин Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын жетекчиси Евгения Судец кызматтан кетти. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун сайтына жарыяланды.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты