Жанарбек Акаев: «Евгения Судец өзүнө 1 миллион сом айлык коюп алыптыр»

  • 1 год мурун

Бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештин эки комитетинин биргелешкен жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев жылдык отчётун берип жатат.

Анда депутат Жанарбек Акаев Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын жетекчиси Евгения Судец өзүнө 1 миллион сом айлык коюп алганын айтты.

“ПолитКлиника” медиасы “Мегакомду” Максим Бакиевдин жакындары башкарууну көздөп жатат” деген ынанымдуу, негиздүү журналисттик иликтөө чыгарышты. Бул иликтөөнү окуп, толук ынандым. Анткени буга чейин Министрлер кабинети Мамлекеттик өнүктүрүү банкын түзгөн. Ал жерде Евгения Судец деген Кыргызстандын жарандыгын алып, ошол банкты башкарып жатат. Менчиктештирүү саясатынын алкагында Судец, Алексей Ширшов бүт баары биригип алышты. Ушундай бир коррупциялык схема иштеп жатат. Сиз ушул маселенин алдын алууга күчүңүз жетет. Маалыматтын бүт баары журналисттик иликтөөдө так жазылган. “Мегакомду” дал Максим Бакиевдин адамдары Ширшов башкарууда. Азыркы “Мегакомдун” жетекчиси дагы мурда Ширшовдун колунда иштеген.

Евгения Судец деген айым өзүнө 1 миллион сом айлык коюп алыптыр. Бир прокурордун 3 жыл иштеп тапканын ал бир айда табат экен. Бул адилетсиздик. Алексей Ширшовдун кадамдарын, схемаларын алдын албасаңыз, бул мындан ары өнүгүп кетиши мүмкүн”, – деди Жанар Акаев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты