Депутат Акаев: “Конституциялык сот ЖК депутатына парламенттин уруксатысыз кылмыш ишин козгоо чечимин чыгарды”

  • 10 месяцев мурун

Бүгүн, 1-июнда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жанарбек Акаев 23-майда Конституциялык сот Жогорку Кеңештин депутатына парламенттин уруксаты жок кылмыш ишин козгоого болот деген чечим чыгарганын билдирди. Ушуга байланыштуу Конституцияны сактабагандыгы үчүн Конституциялык соттун төрагасы кызматтан кетиши керектигин сунуштады.         

-Мындан ары Жогорку Кеңештин депутатына Жогорку Кеңештин макулдугу жок деле кылмыш ишин козгосо болот экен. Бидин регламентте так жазылган. Баш мыйзамда да, 78-берене, 1-пункт: Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык иштерине байланыштуу айткан ой-пикирлери же Жогорку Кеңештеги добуш берүүнүн жыйынтыктары үчүн куугунтукка алынышы мүмкүн эмес. Депутатты кылмыш жасаган жеринен кармаган учурларды кошпогондо, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана аны жазык жоопкерчилигине тартууга жол берилет, -деп жазылып турат.

Конституциялык соттун бул чечиминен кийин биз регламентти да өзгөртүшүбүз керек. “Жок, Жогорку Кеңештин депутатына Жогорку Кеңештин уруксаты жок эле, өзүңөр каалагандай, кылмыш ишин козгой берсеңер болот” деп.

Мына, Конституциялык сот 23-май күнү ошондой чечим чыгарды. Эмне үчүн ошондой чечим чыгардыңар, Жогорку Кеңештен бирөө барып коргодубу?” десем, Самаков Төлөндү Калыгулович деген бир жараныбыз депутаттарга Жогорку Кеңештин макулдусугуз эле иш козгош керек деп кайрылыптыр. Аны биздин Министрлер кабинети туура көрүптүр. Анан Конституциялык сот ошондой чечим чыгарыптыр.

Ушул маселеге Жогорку Кеңеш 23-майдан бери реакция кылган жокпуз. Жогорку Кеңештин депутатына кылмыш ишин козгоо үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу керек да. “Эмне үчүн кылмыш ишин козгоп жатасың” деп сурашыбыз керек да, кесиптешибизге деп. Кылмыш жасап жаткан жеринен кармалса, анда маселе жок. Анда Баш мыйзамда жазылган, кылмыш жоопкерчилигине тартылат.   

Ишенгенибиз Конституциялык сот, Баш мыйзамды сактоого чакыргандын ордуна, өздөрү Баш мыйзамды бурмалап жатса, Конституциялык соттун төрагасы кызматтан кетиш керек, -деди депутат Жанарбек Акаев.

                   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты