Денис Петрашов АКШда студенттер мелдешинде күмүш медаль тагынды
- 2 месяца мурун
Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов АКШда өткөн АСС Сhampionship- студенттер лигасында күмүш медаль тагынды.
Денис Петрашов Луисвилл университетинин атынан катышып, 200 метр аралыкты 1 мүнөт 50,81 секундда сүзүп өтүп, экинчи орунду ээледи.
Мелдеште спорттун 25 түрү боюнча 15 университет командалары катышты.
Сууда сүзүү мелдеши АКШнын Түндүк Каролина штатынын Гринсборо шаарында 20-февралдан 25-февралга чейин өттү.
Сүрөттө: Денис Петрашов. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү