“Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр. Мыйзамга кол коюлду

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 1-мартында кабыл алынган.

Мыйзамда дене тарбия жана спорт тармагында жогорку спорттук натыйжаларга жетишкендиги үчүн бир жолку акчалай сыйлыктар боюнча мамлекеттик төлөмдөрүн жана өлчөмдөрүн Министрлер кабинети аныктай тургандыгы көрсөтүлгөн.

Бир жолку акчалай сыйлыктарды төлөөнүн өлчөмү спортчулардын Олимпиада, Паралимпиада, Азия жана Азия паралимпиадалык оюндарына, дүйнө жана Азия чемпионаттарына катышуусу башталганга чейин бир жыл мурда аныкталат. Ошону менен бирге чемпиондорго жана байге ээлерине, машыктыруучуларга сый акы өлчөмү жана бөлүштүрүү пайыздары (курама команданын башкы машыктыруучусу, улук машыктыруучу, жеке машыктыруучу, биринчи машыктыруучу) жана врачтарга бир жолку акчалай сыйлыктар мурдагы төлөмдөн кем эмес коюлат.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты