Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары жана кызматкерлер коррупцияга шектелүүдө

Башкы прокуратурасы тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Дене тарбия жана спорт департаментинин жетекчилери катышкан коррупциялык схема аныкталды. Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү боюнча департаменттин директорунун орун басары, 1979-жылы туулган Т.С.С., мамлекеттик сатып алуулар боюнча каржы бөлүмүнүн жетекчиси,  1983-жылы туулган А.Р.Д. жана “Ф”  ЖЧКсынын директору, 1978-жылы туулган Т.Н.А. кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, аталган департаменттин директорунун орун басары Т.С.С. жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча каржы бөлүмүнүн жетекчиси  А.Р.Д. 2023-жылы «Кыргыз спорттук-ден соолукту чыңдоочу медицина борбору» мекемеси расмий түзүлгөнгө чейин медициналык жабдууларды сатып алуу процедураларын баштаган.

“Аталган кызмат адамдары өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын көздөгөн пландарын ишке ашыруу жана мыйзамсыз материалдык баюу максатында «Ф» ЖЧКнын аффилирленген фирмасын 30 млн.сом суммасында медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн тартышкан. Ал жерде макулдашуу талап кылынган стандарттарга ылайык келбеген бааларды жогорулатуу менен жабдуулардын тизмесин жана аталыштарын өзгөртүшкөн. Коррупциялык схеманын натыйжасында сатып алынган жабдуулар бүгүнкү күнгө чейин толук ишке киргизилген эмес жана максатына жараша пайдаланылбай, кампада сакталып турат, мында жогорулатылган баалардын айырмасы боюнча гана мамлекеттин бюджетине 10 млн.сомдон ашык зыян келтирилген” деп айтылат маалыматта.   

Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү боюнча департаменттин директорунун орун басары, 1979-жылы туулган Т.С.С., мамлекеттик сатып алуулар боюнча каржы бөлүмүнүн жетекчиси,  1983-жылы туулган А.Р.Д. жана “Ф”  ЖЧКсынын директору, 1978-жылы туулган Т.Н.А. кармалды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты