Бишкекте Бажы кызматы жайгашкан имараттан өрт чыкты
- 2 месяца мурун
- Видео
Бүгүн, 6-мартта, Бишкек шаарынын Байтик баатыр көчөсүндөгү Бажы кызматы жайгашкан көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты.
Бул тууралуу маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) кабарланган.
Өрттү өчүрүүгө борбор шаардын Октябрь районунан жалпы 4 өрт өчүрүүчү унаа, 2 автошаты жана штаб тартылган.
Окуя болгон жерге ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы, А.. Үсөн уулу өрттү өчүрүү иштерин жетекчиликке алган. Өрт саат 20:42 де чектөөгө алынып, саат 21:46да өчүрүлдү. Өрттүн себеби такталууда.
Сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




