Бажы кызматкерлери кармалды
- 1 месяц мурун
- Жаңылыктар
Мамлекеттик бажы кызматынын Ош бажысынын инспекторлору кармалды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздуз мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк аймагы боюнча ички иликтөө департаменти менен бирге кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында Мамлекеттик бажы кызматынын Ош бажысынын «БИМИ Ош сервис» бажылык тариздөө пунктун текшерүү тобунун инспекторлору К.У.Т. жана Т.А.М. кармалды.
«Ош» бажысынын кызматкерлери тышкы экономикалык ишмердүүлүк жүргүзгөндөрдүне айрымдары менен алдын ала сүйлөшүп, материалдык сый акы алуу максатында ташылып өтүүчү товарларга тийиштүү бажылык кароо жана текшерүү жүргүзүшкөн эмес. Товарларды туура эмес декларациялоо жолу менен өткөрүп жиберүүгө көмөктөшүп, мыйзамдарда каралган бажы жол-жоболорунан жана көзөмөлдөн качууга шарт түзүшкөн.
Мындан тышкары Ош бажысынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери мамлекетке олуттуу материалдык зыян келтирген.
Тергөө иштери жүрүп жаткан учурда, кармалгандар КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.
УКМК кылмыштуу схемага катышкан башка бажы кызматкерлерин аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштерин улантууда.

Сүрөттөр: УКМК




