Депутат Надира Нарматова сунуштаган «Чет өлкөлүк агент» мыйзам долбоору Россиялык диктатуралык мыйзамдын көчүрмөсү (Фактчекинг)

10-февраль күнү Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова чет жактардан каржы алган ЖМК, бейөкмөт уюмдарга “чет өлкөлүк агент” макамын ыйгаруу маселеси менен парламентке кайрылды. Нарматова өз сөзүндө чет жактан каржы алган ЖМКлар жана уюмдар элди бөлүп-жарып жатканын айткан. 

“Тилекке каршы, акыркы мезгилде көрүп жатасыңар, мамлекет ичинде бейөкмөт уюмдар түрдүү багытта чуру-чуу салып, Кыргыз мамлекетинин ичинде тынчтык бербей келет. Ошондуктан төрага сизден суранам, сунуш кылам, 5-чакырылыштагы мыйзам долбоорун кайрадан көтөрүп, чыкканга протоколдук тапшырма берсеңиз. Биздин мамлекеттин тынчтыгы үчүн, бейөкмөт уюмдары тууралуу мыйзам долбоорун кайрадан көтөрүп чыгып, чет өлкөлүк агент макамын бермейинче, биздин, Кыргыз мамлекетинде тынчтык болбойт экен. Сырттан каржыланган бейөкмөт уюмдар иштеп жаткан бийлик бутактарына да тынчтык бербей, бийликке, ичине киргенге аракет кылып жатат, биздин мамлекеттин өнүгүүсүнө тоскоолдук кылып жатат”,- деп билдирген. 

“ПолитКлиника” медиасы Надира Нарматова сунуштаган мыйзам долбоорун анализдеп көрдү. 

Мыйзам 2014-жылы талкууга коюлуп, сынга кабылган

“Чет элдик тыңчылар” жөнүндөгү мыйзам 2014-жылы 26-майда Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев жана Надира Нарматова тарабынан Жогорку Кеңешке сунушталган. Мыйзам долбооруна ылайык, “саясий ишмердүүлүк менен” алектенген коммерциялык эмес уюмдар “чет элдик тыңчы” макамын алышат. Бирок ошол эле маалда мыйзам долбоорунун авторлору “саясий ишмердүүлүк” түшүнүгүнө так аныктама бере алышкан эмес. 

Долбоордун авторлорунун бири Турсунбай Бакир уулу 2015-жылы “Азаттык” радиосуна берген маегинде бул мыйзам долбоору өлкөнүн саясий турмушуна түздөн-түз аралашып жүргөн 10 чакты гана бейөкмөт уюмга коркунуч жаратарын, калган уюмдар эч кооптонбой эле чет элден гранттарын алып, ишмердүүлүгүн уланта берерин белгилеген. Бирок ал 10 уюмдун атын да так айтып бере алган эмес. Ал эми ошол учурда Кыргызстан боюнча 1997-жылдан 2014-жылга чейин 5800дөн ашуун бейөкмөт уюм катталган болчу. 

Сунушталган долбоор боюнча “Фридом Хаус” уюму, активисттер жана эксперттер  бул мыйзам долбоордо кооптуу нормалар камтылып, сөз эркиндигине жана жарандык коомдун өнүгүшүнө коркунуч жаратарын белгилешкен. Ал эми бир катар демократияны коргогон уюмдар бул мыйзам кабыл алынса Кыргызстандагы сөз эркиндигине чоң доо кетээрин эскертишкен

Бул мыйзам долбоорун 2016-жылы Жогорку Кеңештин жыйынына катышкан 111 депутаттын 65и каршы добуш берип, артка кайтарышкан. Талкууга катышкан көпчүлүк депутаттар мыйзам долбоор жарандык коомчулукту чектеп, Кыргызстандын кадыр-баркына доо кетирерин билдиришкен.

Дал ушул мыйзамды Надира Нарматовадан бир күн мурда долбоордун авторлордун бири, мурдагы депутат Турсунбай Бакир уулу көтөрүп чыккан. Ал Kaktus.media’га каршы уюштурулган митингге келип,  чет өлкөдөн каржыланган адамдарга “Чет элдик тыңчы (агент) макамын берүүнү жана бейөкмөт уюмдарга каршы мыйзамды күчөтүү керектигин айткан. “ПолитКлиника” медиасы Kaktus.media’га каршы уюштурулган экинчи митингде жеке кызыкчылыктар да ойногонун анализдеп чыккан. 

Кайра жанданган мыйзам долбоору 

Аталган мыйзамдын аналогун 2019-жылдын декабрында депутат Бактыбек Райымкулов сунуштаган. Кийинчерээк анын демилгесине дагы жети депутат кошулган. Алар “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамдын кээ бир беренелерине өзгөртүү киргизүүнү сунуштап чыгышкан.

Бирок, бул мыйзам да 2014-жылдагы долбоордогудай эле чуу жараткан. Анткени депутаттар сунуштаган мыйзамдын көпчүлүк бөлүгү Россиянын “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына абдан окшош экени белгилүү болгон. Алсак, бейөкмөт уюмдардын каржы булактары жөнүндөгү берененин дээрлик бардык пункттары Россиянын мыйзамына окшош экенин көрүүгө болот. 

Депутат Надира Нарматова сунуштаган "Чет өлкөлүк агент" мыйзам долбоору Россиялык диктатуралык мыйзамдын көчүрмөсү (Фактчекинг)
Депутат Надира Нарматова сунуштаган "Чет өлкөлүк агент" мыйзам долбоору Россиялык диктатуралык мыйзамдын көчүрмөсү (Фактчекинг)

Бейөкмөт уюмдарды жана көз карандысыз ЖМКларды кысымга ала турган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин 83 депутаты колдоп, 2021-жылы 17-июнда кабыл алышкан. Ал эми президент Садыр Жапаров аталган мыйзамга 26-июнда кол койгон. 

Белгилей кетсек Бактыбек Райымкулов сунуштаган мыйзамда “чет элдик тыңчылар” жөнүндө сөз болгон эмес. Бул сунуш 2014-жылы сунушталган долбоордо кездешет. 

Россиянын журналисттерин кыскан “Чет элдик тыңчылар жөнүндөгү” мыйзамы

Россияда четтен каржыланган бейөкмөт уюмдарды «тыңчы» катары таануу боюнча мыйзам Орусияда 2012-жылы кабыл алынган.  Россияда алгач “чет элдик агент” деп юридикалык жактар, мисалы ЖМКлар гана аталса, 2020-жылдын соңунан баштап, жарандыгына карабастан жөнөкөй жарандар да “чет элдик тыңчы” катары тааныла баштаган.

Азыркы учурда бул мыйзам менен ар бир жаран кандайдыр бир жолдор аркылуу (жөнөкөй сүйлөшүүдөн башка) маалымат таратса, чет өлкөлүк же орусиялык компания менен каржылык байланышы болуп андан кандайдыр бир материалдык баалуулуктарды алса ал “чет элдик ЖМК агенти” катары таанылышы мүмкүн.

Бул мыйзам бир нече жолу сынга алынып, укук коргоочулар бейөкмөт уюмдар менен журналисттерди куугунттуктоонун, оозун басуунун жаңы куралы деп аташкан.

Депутат Надира Нарматова сунуштаган "Чет өлкөлүк агент" мыйзам долбоору Россиялык диктатуралык мыйзамдын көчүрмөсү (Фактчекинг)

Чет элдик “тыңчы” деп табылган тарап бир катар тоскоолдуктарга кабылат жана кандай гана болбосун билдирүлөрүн “Бул кабар чет өлкөлүк тыңчы тарабынан жарыяланды” деп жазууга мажбур болот. “Чет элдик тыңчы” тизмесине киргендер ишмердүүлүгүн мыйзам талап кылгандай так кабарлабаса 5 жылга чейин эркинен ажыроо коркунучу бар.

Россияда «чет элдик агент» статусу дээрлик 10 жылдан бери иштеп келет. Бул убакыттын ичинде 14төн ашуун ЖМК, ошондой эле ЖМК менен байланышы бар адамдарга иш козголгон. Мындан сырткары биринчи төрт жылда эле «чет элдик агент» деп таанылган 148 уюмдун 27си ишин токтотууга аргасыз болуп, көз карандысыз жана чуулгандуу иликтөөлөрдү жасап жүргөн бир катар журналисттер өлкөдөн кетүүгө мажбур болушкан. 

“Трансформаторду алып келип койгула!” депутат Надира Нарматова тууралуу эмнелер белгилүү? 

Надира Нарматова Жогорку Кеңештин бешинчи жана жетинчи чакырылышынын депутаты. Эмгек жолунда түрдүү компанияларда иштеп, директорлук кызматтарды да аркалаган. 

Буга чейин Надира Нарматовага байланыштуу бир канча факт айтылып, интернет тармагында кызуу талкууга алынган. Алардын бири 2020-жылы 4-октябрдагы шайлоодон кийин, Надира Нарматованын үнүнө окшогон аудио тараган. Анда, 

“Айнагүл, трансформаторду жүктөп берип койгун Сайдакмат ака бара. Добуш беришпегенден кийин не кереги бар?! Мени сыйлабагандан кийин, өздөрүнөн көрсүн. Мен атайын алып барып коюп берейин десем добуш бербей коюштуго көрдүң. Ал эмес мен өзүм берген 100 миң акчама дагы добуш бербедиңер. “Бүтүн Кыргызстан”, “Биримдик” партияларына добуш берипсиңер, бизге бербепсиңер деп айт. Өздөрүнөн көрсүн, неге догурунасыңар деп айт. Мен айтканымды жасадым, анан силер сыйлабасаңар силерге эмнеге 400 миңдик трансформаторду бериш керек?! Бул жеке менчик мүлк. Аны бербей койгонго акысы жок. Анда ошол 400 добушту берип коюшпайбы.”, -деп айтылат аудиодо. 

Кээ бир интернет колдонуучулары бул Надира Нарматованын үнү экенин билдиришсе, депутат өзү бул маалыматты четке каккан. Ошондой эле ал бул несени “кара пиар” катары баалаган. 

Мындан сырткары, чек ара маселеси боюнча да Фейсбукта “делимитация жана демаркация” деген сөздөрдү ката жазганы үчүн да сынга алынган. 

Депутат Надира Нарматова сунуштаган "Чет өлкөлүк агент" мыйзам долбоору Россиялык диктатуралык мыйзамдын көчүрмөсү (Фактчекинг)

Жыйынтык: :Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова жана Турсунбай Бакир уулу кайрадан көтөрүп жаткан “Чет өлкөлүк тыңчы” мыйзамы Россиянын мыйзамынын аналогу экени чындык. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты