Дастан Догоев Министрлер кабинетинин курамына кайтып келди

  • 2 года мурун

Дастан Догоев кайрадан санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка, бүгүн, 26-октябрда президент Садыр Жапаров кол койду.

Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Мындан тышкары жарлыкта Дастан Догоевдин талапкерлигин санариптик өнүктүрүү министри кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүгө токтом кылынды.

Эске сала кетсек, 12-13-октябрда жаңыланган Министрлер кабинетинин жаңы түзүмүндө Санариптик өнүктүрүү министрлиги кирбей калган.

Бүгүн, 26-октябрда мамлекет башчысынын жарлыгы менен аталган министрлик Министрлер кабинетинин түзүмүнө кайрадан кошулду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты