Бишкектин бир бөлүгүндө электр жарыгы өчтү. Энергетика министрлиги анын себебин айтты

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарынын бир бөлүгүндө электр жарыгы өчтү. Энергетика министрлиги анын себебин түшүндүрдү.  

“110 киловольт “Парк” — “Ала-Арча” линиясындагы 23-тирөөч менен 24-тирөөчтүн ортосундагы аба чубалгысын “Хово” жүк ташуучу унаасы үзүп кетип, шаардын бир бөлүгү электр жарыгысыз калды. Учурда энергетиктер калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатышат. Учурда өлкө аймагында курулуш иштери активдүү жүрүп жатат” деп билдирди энергетика министрлиги.

“Бардык курулуш компанияларданэлектр тармактарынын жанында корук зоналарын сактаңыздар” деп суранабыз” деди министрлик.   

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты