№18 кесиптик лицейде мугалим окуучуга күч колдонгон факты боюнча комиссия түзүлдү
- 3 недели мурун
Агартуу министрлиги Бишкек шаарындагы №18 кесиптик лицейде мугалим окуучуга орой мамиле жасап жана күч колдонуу фактысы боюнча билдирүү жасады.
-Аталган кесиптик лицейдеги өндүрүштүк окутуу мугалими А.А. окуучуларга педагогикалык этикага туура келбеген мамиле жасап, күч колдонгондугу боюнча кызматтык иликтөө башталды. Агартуу министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү системасынын тиешелүү түзүмдөрү тарабынан аталган фактыны ар тараптуу жана объективдүү иликтөө максатында атайын комиссия түзүлдү. Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча окуяга юридикалык жана педагогикалык баа берилет, ошондой эле зарыл болгон тартиптик чаралар көрүлөт, -деп билдирди Агартуу министрлиги.
Мындан тышкары, окуучулардын укуктарын коргоону күчөтүү, билим берүү процессинде зомбулукка жол бербөө жана педагогикалык этиканын нормаларын сактоо боюнча кесиптик лицейдин педагогикалык жамааты арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




