Санариптик өнүктүрүү министрлиги кайрадан түзүлдү

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жарлыгына кол койду. Ага ылайык, Министрлер кабинетинин түзүмүнө Санариптик өнүктүрүү министрлиги кошулду. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

«Бул жарлык санариптештирүү жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында Санариптик өнүктүрүү министрлигин Министрлер кабинетинин түзүмүнө киргизүүнү карайт», — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 12-13-октябрда жаңыланган Министрлер кабинетинин жаңы түзүмүндө Санариптик өнүктүрүү министрлиги кирбей калган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты