Санариптик өнүктүрүү министрлиги жоюлуп, президенттин иш башкармалыгына кошулду
- 2 месяца мурун
Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жоюлуп, президенттин иш башкармалыгына кошулду.
Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Жарлыкта санариптик өнүктүрүү министрлигин президенттин иш башкармалыгына кошуу жолу менен функцияларын, штаттык санын жана персоналын, финансылык, материалдык-техникалык каражаттарын жана материалдык эмес активдерин, түзүмдүк бөлүмдөрүн, ведомстволук мекемелерин жана уюмдарын өткөрүп берүү менен кайра уюштуруу жагы каралды.
Президенттин иш башкармалыгы Санариптик өнүктүрүү министрлигинин укук улантуучусу болуп саналат.
Жарлыкта мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүдө олуттуу прогресске жетишилгени, бирок бизнес үчүн бюрократиялык жол-жоболор дагы эле олуттуу тоскоолдук болууда, санариптештирүү өзүнүн милдетин аткарбай жаткандыгы айтылды.
Санарип өкмөттүн компоненттеринин ишин талдоо анын иштешинде, анын ичинде региондордо кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар менен өз ара аракеттенүүдө, атап айтканда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде олуттуу кемчиликтерди аныктады.
«Кыргыз Республикасын андан ары динамикалык өнүктүрүү өлкөнү санариптик трансформациялоо менен тыгыз байланышкан. Биздин стратегиялык курсубуздун негизги компоненти жалпы санариптештирүү жана жасалма интеллект инструменттерин киргизүү болууга тийиш, алар бардык чөйрөлөрдө өлкөнүн потенциалын эселеп күчөтө алат» деп айтылат жарлыкта.
Сүрөт: president.kg




