Айбек Шаменов айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды
- 3 месяца мурун
Айбек Шаменов суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министринин орун басары болуп дайылдалды.
Жаныбек Керималиев жана Бектен Бекболотов Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары кызматынан бошотулду.
Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгону кабарланды.
4-мартта Айбек Шаменов президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулган.
Сүрөттө: Айбек Шаменов. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




