Дастан Бекешев ЖМК тууралуу жана Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоорлорун кайра карап чыгууну сунуштады

  • 11 месяцев мурун

Бүгүн, 31-майда, депутат Дастан Бекешев президенттик администраци демелгелеген “Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу” мыйзам долбоору жана Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоору боюнча пикирин билдирди.

Депутаттын пикиринде, ЖМК жалаң эле жакшы маалыматтарды жарыя кыла албайт. Жакшы маалыматтардын арасында жаман маалыматтар да болот. “Азаттык” элге кызын зордуктаган адамды жарыя кылды. Эгер ЖМК болбосо, бул факт кайдан белгилүү болот эле?

Экинчи мыйзам долбоору — “Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу”. Мыйзам долбоорунда коммерциялык эмес уюмдарды чет элдик агент катары эсептөө сунушталууда. Анда коммерциялык эмес уюмдардын көбү жабылат. Бул мыйзам долбоорун кайра карап чыгыш керек, көп уюмдар жабылып же өлкөдөн чыгып кетишет. Эгер мыйзам бузуу болсо, биздин ишибизге киришсе, башка механизмдер бар.

Үчүнчү мыйзам долбоору — 23 жашка толо элек аялзатын чет өлкөгө чыгарууга тыюу сунушу. Ушундай практика Камбоджада болгон, башка өлкөлөрдө жок. Ар бир ата-эне балдары үчүн жооп берет.Бул үч сунуш коомчулукта нааразылыктарды жаратууда, -деди Дастан Бекешев.   

«ЖМК тууралуу» мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу  боюнча жумушчу  тобунун  медикакоомчулук атынан чыккан мүчөлөрү президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду.

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө»  мыйзамга жана кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунун демилгечилери Надира Нарматова баш болгон Жогорку Кеңештин 30 дан ашуун депутаты.   

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.     

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты