Дарига Назарбаеванын депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

  • 2 года мурун

2-мартта Казакстан парламентинин мажилиси мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаеванын депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу токтомду кабыл алды.

«99 депутат колдоп, бир депутат добуш берген жок. Токтом кабыл алынды», — деди мажилис төрагасы Ерлан Кошанов.

Назарбаева өткөн жумада парламенттин төмөнкү палатасынын депутаты мандатынан баш тартуу тууралуу арыз жазганын билдирген. Андан соң Борбордук шайлоо комиссиясы анын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу сунушун мажилиске жөнөткөн.

Назарбаева февралдын аягындагы билдирүүсүндө мындан ары толугу менен коомдук, гуманитардык, маданий жана кайрымдуулук иштерине көңүл бурууну чечкенин жазып, өзү шайланып келген «Нур Отан» партиясына добуш берген жарандарга ыраазычылык билдирген.

Назарбаеванын ордуна башкаруучу партиядан Саясат Нурбек депутат болуп келди. Ал Казакстан президентине караштуу коомдук ишеним кеңешинин мүчөсү жана BTS Education компаниясынын директору.

Январдагы окуялардан кийин 57 жаштагы Дарига Назарбаева бийликтеги “Нур Отан” партиясынын саясий кеңешинин курамынан чыгарылган.

Ал былтыр май айына чейин Сенаттын спикери болчу. Кийин анын ыйгарым укуктарын президент Касым-Жомарт Токаев өз буйругу менен токтотуп койгон жана себеби ачык айтылган эмес.

Назарбаева убагында өкмөттө жана парламентте жогорку кызматтарды ээлеп келген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты