Даниэл Ажиевдин конфискацияланган батиринин бири жубайына кайтарылды жана жаңы унаа тапшырылды

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 19-августта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Наргиза Ажиеваны  кабыл алды. Бул туралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.  

Вебкам иши боюнча соттолгон Даниэл Ажиевдин жубайы Наргиза Ажиева 29-июлда жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу президентке видео кайрылуусунда, мурда мамлекет тарабынан конфискацияланган турак-жайлардын бирин өткөрүп берүү маселесин карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылган.

Турмуштук оор кырдаалын, ошондой эле Наргиза Ажиеванын оор дартка чалдыккан баласы бар экенин эске алып, ага мурда конфискацияланган батир жана жаңы автоунаа тапшырылды.

Өлкө мыйзамдарына каршы келген вебкам студияларын иштетүүдөн түшкөн мыйзамсыз каражаттарды легалдаштыруу максатында уюшкан кылмыштуу топ түзгөндүгү үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясынын токтому менен Даниэл Ажиевдин мүлктөрүнө камак салынып, андан ары конфискацияланып мамлекетке кирешеленген. Конфискацияланган мүлктөрдүн жалпы наркы 262 миллион сомду түзгөн.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Даниэл Ажиевди 9 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алган.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты