Дамирбек Осмонов саламаттык сактоо министри болуп дайындалды
- 2 месяца мурун
Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык, Дамирбек Осмонов мурда жүктөлгөн милдетин аткаруудан бошотулуп, саламаттык сактоо министри болуп дайындалды.
Жогорку Кеңеш 25-февралда Дамирбек Осмоновду Саламаттык сактоо министри кызматына дайындоого макулдук берди.
Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов кызматтан бошотулду. Анын ордуна Дамирбек Осмонов министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Сүрөт: kenesh.kg
Муну бөлүшүү




