Дайынсыз болгон аялдын сөөгү табылды

  • 2 года мурун

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Мурас-Ордо конушунун тургуну, 69 жаштагы А.А. аттуу аял 23-январда үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрдигинин басма сөз кызматы билдирди.

24-январь күнү аталган жарандын кийимдери Калыс-Ордо конушундагы айланма унаа жол менен Чоң-Чүй каналында көпүрөнүн алднан табылган, ушул күндөн тарта издөө иштери жүргүзүлүп, натыйжа болгон эмес.

26-январда Аламүдүн райондук куткаруучулар тарабынан аялдын сөөгүн табышкан. Куткаруучулар маркумдун денесин суудан чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришти.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты