Дагестанда суу ташкын болууда
- 1 месяц мурун
Дагестанда катуу жааган жамгырдан кийин суу ташкын болууда. 760 турак үй жана тургундардын 950 жер тилкесин суу каптады. 3338 киши эвакуацияланды, алардын арасында миңден ашык бала бар.
Бул тууралуу Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.
Ошондой эле ТАСС суу ташкындан эки адам каза тапканын жазды, алардын бири кош бойлуу аял жана өспүрүм бала.
Убактылуу жайга 58 киши жайгаштырылды, алардын — 32си балдар.
Маалыматка караганда суу ташкыны электр подстанциясын каптап, бир катар райондор жарыксыз калды.
Махачкалада жана Хасавюрт районунда өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди. Махачкала, Дербент, Хасавюрт райондору суусуз жана жарыксыз калды.
Жаратылыш кырсыгын жоюуга 670тен ашык киши, 224 техника тартылды.
Сүрөт: Россия Өзгөчө кырдаалдар министрлиги




