“Даамдуу” тез татым түйүнүндөгү тамак-аштан уулангандардын саны 23кө жетти
- 4 недели мурун
2026-жылдын 16-январына карата таңкы сааттардагы маалымат боюнча, Бишкектеги “Даамдуу” деп аталган тез татым жайындагы шармадан жабыркагандардын жалпы саны 23 кишини түзөт, алардын бешөө балдар. 18 киши ооруканага жаткырылып, стационардык дарыланууда, бейтаптардын абалы туруктуу. Бешөөнүн абалы канааттандырарлык болгондуктан, амбулатордук көзөмөлгө жөнөтүлгөн.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Эпидемиологиялык иликтөөнүн жүрүшүндө бардык жабыркагандар 2026-жылдын 15-январында аталган тез татым түйүнүнөн сатып алынган шаурманы колдонгону аныкталган.
Бейтаптарда уулануунун алгачкы белгилери бир сутканын ичинде пайда болуп, андан кийин медициналык жардам сурап кайрылышкан. Бардык жабыркагандарга зарыл медициналык жардам көрсөтүлүп, лабораториялык изилдөө жүргүзүү үчүн клиникалык материалдар алынган.
Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери тарабынан объектке пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлдү жана ал жай убактылуу жабылды.
15-январда Бишкектеги «Даамдуу» аталышындагы тез татым түйүнүнөн алынган тез даярдалуучу тамак-ашты колдонууга байланыштуу массалык тамак-аштан уулануу фактысы катталган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




