Дүйнөнүн түркүгү – энелер. Президент энелер күнү менен куттуктады

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-майда, кыргызстандыктарды энелер күнү менен куттуктады.

“Элибиз эчактан эле бүтүндөй бир мамлекеттин пайдубалы эне кармап турган бекем үй-бүлөдөн башталарын жаземдебей түшүнүшкөн. Мындан улам, эзелтен элибиз энеге өзгөчө мамиле жасап, үй-бүлөнүн отун өчүрбөй улай турган касиетке эгедер экенин билип, аздектеп, сыйлап келишкен. “Дүйнөнүн түркүгү – энелер” деген акылман элибиз. Ар бирибиз бабалардан келаткан мындай наркты абийирдин мыйзамы катары тутунуп жашоого тийишпиз” деп айтылат куттуктоодо.

“Бүгүнкү күндө адеби бар, ыйманы толук, коомго үлгү боло турган жаштарыбыз эң алды энени терең урматтаган адамдык улуу сапатка ээ болушу абзел” деп кошумчалады мамлекет башчы.

2012-жылдан баштап ар жылы май айынын үчүнчү жекшембиси энелер күнү катары белгиленүүдө. Быйыл энелер күнү 19-майга туура келет.

2012-жылдын 23-апрелинде ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев энелер күнүн белгилөө боюнча жарлыкка кол койгон. Ошондон бери май айынын үчүнчү жекшембиси энелер күнү катары майрамдалууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты