Дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнү: “Сорос-Кыргызстан” ЖМКлар үчүн гранттык сынак жарыялады

  • 12 месяцев мурун

3-май – дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнү “Сорос-Кыргызстан” фонду журналисттер менен ЖМКлардын социалдык маанилүү темага сапаттуу контентти түзүүсү үчүн гранттык сынак туурасында эскерте кетмекчи. Сынакка катышып Кыргызстандын ЖМКлар тарабынан кеңири изилденбеген аймак көйгөйлөрү жана жашоо-турмушу туурасында кабар берген материалдардын өндүрүшүнө финансылык колдоо алууга болот.

Бул тууралуу «Сорос-Кыргызстан» фондунун басма сөз кызматы маалымдады.

Сапаттуу контентти өндүрүүгө финансылык колдоо алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыздар – арыздар 2023-жылдын 14-майына чейин кабыл алынат.

Гранттар коомдук кызыгууну туудурган, аймак көйгөйлөрү жана жашоо өзгөчөлүктөрү туурасында кабарлаган материалдардын өндүрүшүнө берилет. Алыскы аймактардын тургундары, алар туш болгон окуялар туурасындагы жана кыргыз тилиндеги материалдар артыкчылыкка ээ болмокчу. Ар бир долбоордун грант суммасы $20,000ге жетиши мүмкүн.

“Сынагыбыз өлкөбүздүн түрдүү аймак көйгөйлөрүн жана турмуш чындыктарын чагылдырган сапаттуу, көз карандысыз медиа контентти жаратуусунда кыргызстандык журналисттер менен ЖМКларга колдоо көрсөтүүнү көздөйт. Биз уникалдуу жана балким жетишээрлик жакшы чагылдырылбаган, эл аралык журналистика стандарттарына ылайык алар туурасында сөз кылыш керек болгон көп сандагы окуялар бар экенине терең ишенебиз. Бул сөз эркиндиги идеясын илгерилетүүдө чындыкка жана фактыларга негизделген маанилүү курам бөлүк болмокчу”деп белгилейт «Сорос-Кыргызстан» фондунун «Сөз эркиндиги жана өз пикирин билдирүү эркиндиги» программалык багытынын менеджери Айгүл Ажиева.

Сынак ЖМКлар, продакшн студиялар, онлайн басылмалар жана башкалар сыяктуу Кыргыз Республикасында юридикалык каттоодон өткөн уюмдар үчүн гана ачык. Сунушталган долбоор форматтарына репортаж, интервью, ток-шоу, документалдык тасма, тревел-журналистика жана башка форматтар кирет.

Арыздар креативдүү ыкма, өзгөчө окуялар, медиаконтент жаатында тажрыйбасынын болушу,кеңири коомдук кызык туудурган темасы жана долбоордун туруктуулугу сыяктуу критерийлер боюнча тандалмакчы.

Долбоор сунуштарын кабыл алуу жана ылгоо процедуралары:  

Сынак 2 баскычта өтөт. Биринчи баскычында долбоордун толук бюджетин жана команда мүчөлөрүнүн кыскача өмүр-баянын камтыган, толтурулган арыз формалары кабыл алынат. Андан ары тандоодон өткөн авторлор сурам боюнча кошумча коштомо документтерди бериши зарыл. Арыз формасын бул жерден жүктөп алууга болот.  

Арызда кийинкилер сөзсүз камтылышы зарыл:  

  • Грант алууга арыз формасы  
  • Бюджет формасы  
  • Команда мүчөлөрүнүн өмүр-баяндары  
  • Буга чейинки эмгектерине шилтемелер (3төн ашык эмес)  

Сынак аталышы жазылган документтер топтомун 2023-жылдын 14-майы саат 18:00гө чейин [email protected] дарегине жөнөтүү керек.  

Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч толтурулган жана толук эмес документтер топтому кароого алынбайт. Бардык туулган суроолорго 2023-жылдын 10-майында өтө турган онлайн маалыматтык сессиядан жооп алууга болот.   

Долбоордун ишке ашуу мөөнөтү 1 жылдан ашык эмес. Арыздар орус жана кыргыз тилдеринде кабыл алынат. Кийинки турга өткөн талапкерлер гана маалымдалат.  

Байланышуу үчүн: Айдай Норузбаева, “Сөз эркиндиги жана өз пикирин билдирүү эркиндиги” программасынын координатору [email protected]  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты