«Цыган почтасы». Акча алмаштыруучу жайларда мыйзамсыз 20 млн сом жүгүртүү уюштурган жарандар кармалды
- 4 недели мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Кыргыз Республикасынын Т.Р.Р. жана Д.у.А. аттуу жарандары кармалды.
Бцл тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган жарандар «цыган почтасы » деп аталган акча каражаттарын легалдаштыруунун мыйзамсыз каналын жеке баюу максатында тиешелүү мамлекеттик органдарда эсепке албастан уюштурганы аныкталды.
Т.Р.Р. жана Д.у.А. Бишкек шаарындагы акча алмаштыруучу жайларда ар кандай кылмыштуу схемалар аркылуу өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, Россиядан келип түшкөн жалпы суммасы 20 млн АКШ долларын түзгөн акча каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенишкен.
Кээ бир учурларда алар өз милдеттенмелерин аткарбай, башка бирөөлөрдүн акчасын алдап ээлеп алышкан.
2024-жылдын май айында А.Л. аттуу КР жараны жогорудагы адамдарга алмашуу курсу боюнча 2 млн. АКШ долларын түзгөн , 165 млн. рубль берген.
2025-жылдын 20-майында Т.Р.Р. жана Д.у.А. аттуу жарандар кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь сотунун токтомунун негизинде жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 абагына киргизилди.