COVID-19дун толкунуна даярдык көрүлүүдө, дары-дармек экспорттоого тыюу салынды

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 25-январда медициналык мекемелерди COVID-19 вирусунун кескин жайылуу ыктымалына даярданууну тапшырды.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт зарыл болгон учурда дарылоо мекемелеринде кошумча орундарды ыкчам ачуу, суюк кычкылтек станцияларын ишке киргизүү маселесин чечүүнү тездетүү сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жарандардын вирус жуктуруп алуу ыктымалдуугугун өсүшү жакынкы бир нече апта бою сакталашы мүмкүн экенин айтты.

Бул арада Министрлер кабинети өлкөдөн дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташып чыгууга (экспорттоого) 6 айга убактылуу тыюу салды.

26-январга карата Кыргызстанда коронавирус 370 адамдан аныкталды. Ооругандардын басымдуу бөлүгү – 245 киши Бишкек шаарынын тургундары.

Саламаттык сактоо министрлиги ай башында коронавирустун «омикрон» штаммы катталып, өлкөдө коронавирустун төртүнчү толкуну башталганын билдирген. Оору кескин көбөйгөндүктөн Бишкек «кызыл зонага» кирип, бир катар билим берүү мекемелери онлайн форматта окууга өткөн.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты