COVID-19ду дарылоо үчүн дары-дармектерди реэкспорттоого убактылуу тыюу салынат

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин мүчөлөрү 14-январдагы жыйында COVID-19ду дарылоо үчүн дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмесин кайра экспорттоого убактылуу тыюу салуу жөнүндө чечимдин долбоорун жактырды.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, коронавирус инфекциясынын пандемиясы  дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө узакка создугушуна байланыштуу, ошондой эле республиканын дары-дармектерге жана медициналык буюмдарга импорттук көз карандылыгын эске алуу менен, тыюу салуу мөөнөтүн дагы 6 айга узартуу зарыл. 

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттин менчигиндеги жер тилкелерин берүүнүн тартибине тийиштүү, автотранспорт каражаттарынын салмак көлөмдүк көрсөткүч талаптарын сактоо жана улуттук экспорттук көзөмөлдү өркүндөтүү боюнча чечимдердин долбоорлору каралды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты