COVID-19: Кыргызстанда бир жумада 84 учуру катталды

  • 1 год мурун

Кыргызстанда бир жумада, 10-16-октябрда, COVID-19дун 84 учуру катталды.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Алардын ичинен 12 адам ооруканага жаткырылган, калган 72си амбулатордук дарыланууда.

2022-жылдын 17-октябрына карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык облустар жашыл зонада турат. Акыркы жумадагы натыйжалуу репродуктивдик сан 1ден аз, бул республикада эпидемиологиялык кырдаал туруктуу экенин билдирет.

2022-жылдын 9 ай 16 күнүндө COVID-19дун 21 586 учуру катталган, анын ичинде 19 579 (90,7 %) учур лабораториялык түрдө жана 2007 учур (9,3%) клиникалык-эпидемиологиялык негизде тастыкталган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты