COVID-19: Германия Кыргызстанды кооптуу аймактардын тизмесинен чыгарды

  • 2 года мурун

2022-жылдын 11-февралынан тартып Германия Кыргызстанды коронавирустун жайылышы боюнча кооптуу аймактардын тизмесинен чыгарды. Бул тууралуу маалымат Германиянын Тышкы иштер министрлигинин сайтына жарыяланды.

13-февралдан тарта COVID-19га каршы Европанын дары-дармек агенттиги (EMA) тарабынан бекитилген вакциналардын бири менен толук эмдөөдөн өткөн кыргызстандыктар Германияга тоскоолдуксуз кире алышат.

Эмдөөнүн толук циклин алган адамдар керектүү визаны алуу үчүн Германиянын Бишкектеги элчилигине кайрыла алышат.

Эскертүү: Кооптуу аймактардын классификациясы кыска мөөнөттө өзгөрүп турушу мүмкүн. Андыктан Германияга баруу алдында акыркы 10 күн ичинде кайсы өлкөлөрдө болгонуңузду текшерип алышыңыз шарт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты