COVID-19: Дарт жуктургандар жана каза тапкандар катталган жок
- 2 года мурун
Кыргызстанда өткөн суткада коронавирус жуктургандар жана андан каза тапкандар катталган жок.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Өлкө боюнча коронавирустан төрт бейтап дарыланууда. COVID-19 дан ооруканада дарыланып жаткандар катталган эмес.
Пандемия башталгандан бери республикада 196 миң 406 киши айыгып чыкты. 2020-жылдын март айынан бери расмий маалымат боюнча коронавируска 200 993 киши чалдыкты, 2 миң 991 киши көз жумду.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү