Быйыл жазгы сел көп катталды
- 1 неделя мурун
- Видео
Быйыл жазгы сел өткөн жылга салыштырмалуу көп катталды. Бул тууралуу Транспорт жана коомуникация министрлиги билдирди.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын унаа жолдоруна 206 миң куб метрден ашык кум-шагыл түшүп, 3 көпүрө жараксыз абалга келди.
Ал эми Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарында 1 миң 300 куб метрден ашык кум-шагыл тазаланып, 1 көпүрө жабыркады. Бул көрсөткүч мурдагы жылдарга салыштырмалуу жогору болду.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жол тейлөө ишканалары селдин кесепеттерин ыкчам жоюу үчүн атайын техникаларды тартып, күнү-түнү иш алып барышканын белгиледи.
Жолчулардын ыкчам аракетинин натыйжасында жолдор кыска убакытта тазаланып, каттамдар калыбына келтирилди.
Иллюстрацияоык сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




