Нарын облусунда очогунда 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
- 2 месяца мурун
Кыргызстанда 16-апрелде саат 05:57де очогунда 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Бул тууралуу Илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Болжолдуу маалыматтар боюнча, жер титирөөнүн очогу Коңорчок айылынын түндүгүнөн 18 чакырым, Чолок-Кайың айылынын түндүк-батышынан 16 чакырым, Жаңы-Тилек айылынын түндүк-батышынан 20 чакырым, Кош-Булак айылынын түштүк-чыгышынан 23 чакырым, Баетов район борборунун түндүк-батышынан 28 чакырым, Нарын шаарынын түштүк-батышынан 115 чакырым алыстыкта болгон.
Жер титирөөнүн күчү Коңорчок, Чолок-Кайың айылдарында 3,5 балл, Кош-Булак, Жаңы-Тилек айылдарында, Баетов район борборунда 3 баллга чейин сезилген.
Иллюстрациялык сүрөт: Сейсмология институту
Муну бөлүшүү




