COVID-19: Бишкекте 13 учур катталды
- 2 года мурун
3-апрелге карата Кыргызстан боюнча Бишкекте COVID-19дун 13 учуру катталды. Калган аймактарда катталган жок.
Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү штабы билдирди.
Өлкөдө коронавируска кабылгандардын жалпы саны 200 968ге жетти.
Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны — 10 киши. Айыгып чыккандардын жалпы саны — 196 243.
Коронавирустан каза болгондор — 1. Коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны өлкө боюнча — 2991.
Стационарда 90 жана амбулатордук түрдө 57 адам дарыланып жатат.
Муну бөлүшүү