COVID-19: Бишкек жана Чүйдө 11 учур катталды
- 2 года мурун
1-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 11 учуру катталды. Бишкекте – 4, Чүй облусунда – 7. Калган аймактарда катталган жок.
Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү штабы билдирди.
Кыргызстан боюнча коронавируска кабылгандардын жалпы саны — 200 946. Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны — 13 киши. Жалпы — 196 226. Каза болгондор — 1. Жалпы — 2989.
Стационарда 86 жана амбулатордук түрдө 59 адам дарыланып жатат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү